Биз, өзүнүн илимий изилдөөлөрүн жүргүзгөн европалык фармацевтикалык компаниябыз. Биздин дарылар натыйжалуу дарылоого жана бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртууга салым кошот. Биз медицинадагы акыркы жетишкендиктерди изилдейбиз жана мүмкүн болушунча жогорку сапаттагы заманбап, натыйжалуу жана жеткиликтүү дарыларды алып келүү үчүн аларды компаниябыздын стратегиясына киргизебиз.
Биз гастроэнтерология жана гепатология боюнча адистешкенбиз, бирок бул багыттар менен эле чектелбейбиз. Ишмердүүлүк чөйрөсү PRO.MED.CS Praha a.s. кеңири жана кардиология, неврология (айрыкча, борбордук нерв системасынын ооруларын), ошондой эле медицинанын башка көптөгөн тармактарын камтыйт. Биздин компания 30дан ашык өлкөдө иштейт жана дүйнө жүзү боюнча күн сайын эки миллиондон ашык бейтаптарды дарылоо үчүн дарыларды жеткирет.
Биздин препараттар биринчи кезекте ашказан-ичеги жолунун жана гепатобилиардык системанын ооруларынан жапа чеккен бейтаптардын көйгөйлөрүн чечет. Бирок, биз кардиология, психиатрия, урология жана башка медицина тармагында колдонулуучу дарыларды да чыгарабыз.
Биз тынымсыз жаңы дарылоонун ыкмаларына жана көрсөткүчтөрүнө байкоо жүргүзүп, бейтаптарды арзан, инновациялык дарылар менен камсыз кылууга умтулабыз.
Биздин, өздүк изилдөө күчтөрүбүз жана кеңири дистрибьютордук тармактарыбыз бар. Биздин макулдашылган аракеттерибизден улам дүйнө жүзү боюнча бейтаптар натыйжалуу дарылоого жеткиликтүү мүмкүнчүлүгүн алышат.
Биз көп убакыттан бери изилдөөгө жана инновацияга инвестиция кылып келебиз. Биз жаңы натыйжалуу дарылоо ыкмаларын издөөдө илимий топторго жана көз карандысыз лабораторияларга узак мөөнөттүү колдоо көрсөтүп келебиз. Биз ар дайым акыркы ачылыштар менен дүйнө жүзүндөгү окумуштуулар жана дарыгерлер менен бөлүшөбүз.
Бизде жогорку илимий-изилдөө потенциалы жана кеңири дистрибьютордук тармагы бар. Биздин макулдашылган аракеттерибизден улам дүйнө жүзүндөгү адамдар ар кандай ооруларды дарылоонун натыйжалуу ыкмаларын жеткиликтүү пайдалана алышат.
Биз, өз алдынча жаңы дары препараттардын каттоо процессин баштайбыз жана колдонуудагы дарылардын каттоосун кеңейтебиз. Биздин мыкты логистикабыз GMP жана GDP нын эң олуттуу стандарттарын сактоо менен кампа жана дистрибьютордук операциялардын жогорку деңгээлин кепилдик менен камсыз кылат.
Биз дарынын түрлөрүн иштеп чыгууга адистешкенбиз: биз өзүбүздүн рецептураларыбызды түзөбүз (анын ичинде алдын ала түзөбүз), туруктуулуктун изилдөөлөрүн жүргүзөбүз жана дүйнө жүзү боюнча препараттарды каттайбыз.
Ар бир бейтап текшерилген, сапаттуу дарыларды кабыл алып жатканына ишениши үчүн биз дары препараттарыбыздын жасалмаларына каршы активдүү күрөшүп жатабыз.
Компания препараттардын эң натыйжалуу жол менен өндүрүлүшүн жана ошол эле учурда эң жогорку сапаттын сакталышына кам көрөт.
Биз, бүткүл дүйнө жүзүндөгү адамдар өздөрүнүн дарыларын керектүү жерде жана керектүү убакта алууга мүмкүнчүлүк түзүү үчүн дистрибьютордук тармагынын бардык бөлүктөрүнүн үзгүлтүксүз иштешин көзөмөлдөйбүз.
PRO.MED.CS Praha a.s. жыл сайын 1 миллиарддан ашык таблеткаларды, жука чел кабык менен капталган таблеткаларды, капсулаларды, ампулаларды жана суппозиторийлерди өндүрүп чыгарат. Биздин бардык технологияларыбыз жана өндүрүү ыкмаларыбыз ЕБ жана Кыргыз Республикасы үчүн GMP, GLP жана GDP стандарттарына ылайык келет.
Биздин тарыхыбыз
PRO.MED.CS Praha a.s. 1989-жылы 1-февралда негизделген жана бир жылдан кийин биринчи дары препаратын чыгарган. 1994-жылы компания талаптагыдай өндүрүштүк практиканын (GMP) эл аралык сертификатын алган, ал сырткы рыноктордо динамикалык өсүшкө алып келген.
Компания өсүп, дүйнөдө ээлеген ордун кеңейткенине карабастан, биз жогорку сапаттагы өндүрүшкө умтулабыз жана кардарларыбыздын кызыкчылыктарын ар дайым биринчи орунга коёбуз. Жакшы үй-бүлөдөй эле биз кызматкерлерибиздин келечегине, өнүгүүсүнө, бакубат жашоосуна, ден соолугуна кам көрөбүз.